http://ktrk.kg/ Муз үстүндө бийлегендер мелдештен байгелүү кайтышты

Муз үстүндө бийлегендер мелдештен байгелүү кайтышты

26 Янв 2016 , 22:40 780

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын муз үстүндө бийчилери Казакстанда өткөн турнирде ийгилик жаратты. Мекендештерибиз Бегимай Рахманова муз үстүндө бийлөө боюнча мелдештен алтын медаль утса, ал эми Мадина Зулумбек кызы күмүш медаль алды.

Кыргызстандан барган спортчулар музыканын коштоосунда муз үстүндө коньки менен түрдүү көнүгүүлөрдү жасап Казакстандын жана Өзбекстандын бийчилери менен таймашкан. Жыйынтыгында мекендештерибиз өлкөгө жеңиш менен кайтып келди. 




Новости по дате