http://ktrk.kg/Ажал оозунан калган ымыркай

Ажал оозунан калган ымыркай

28 Янв 2016 , 6:53 1268

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Токтогул шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн  дааратканасынан ымыркай  табылды.  Куткаруучулар  таштанды   наристени аман-эсен алып чыкканга үлгүрүштү. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары  башталды. Бул окуя  өлкө аймагында биринчи жолу катталып жаткан жок. Окуя  27-январдын түнүндө  Токтогул  районунда  катталган.  

Көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы дааратканадан ымыркайдын  ыйлаганы  угулгандыгы тууралуу  жергиликтүү тургун куткаруу кызматына кабарлаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматкери Абдышарип Бекилов билдиргендей,  бактыга жараша  куткаруучулар  жаңы төрөлгөн наристени  сактап калганга үлгүргөн.

Учурда райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери окуянын чоо-жайын териштирип жатат.   Ымыркайды таштаган эненин өздүгү аныкталды  жана ал Сары-Согот айылынын 23  жаштагы тургуну болуп чыкты. Анын мындан башка  дагы  балдары  болгон. 

                                              


Новости по дате