http://ktrk.kg/Чолпон-Атадагы ипподром архитекторлордун сынагында алтын медаль утуп алды

Чолпон-Атадагы ипподром архитекторлордун сынагында алтын медаль утуп алды

21 Окт 2016 , 3:18 7986

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата Чолпон-Ата шаарына курулган ипподром архитекторлордун эл аралык сынагында алтын медаль алды. Бул туурасында курулуш архитектура, турак- жай коммуналдык чарба агентигинин директору Турдубек Мамбетов билдирди. 

29-сентябрдан 1-октябрга чейин Минск шаарында 2015-2016-жылдагы мыкты долбоорлордун эл аралык конкурсу өткөн. 

Ага дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн 165 долбоор коюлган. Кыргызстандыктар Чолпон- Атадагы ипподромдун архитектуралык долбоорун алып барышкан. “Биздин архитекторлор жана куруучулар мыкты деңгээлин көрсөтүп, кесиптештер татыктуу баасын алды ” дейт Турдубек Мамбетов.



Новости по дате