http://ktrk.kg/Бүгүн мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун туулган күнү

Бүгүн мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун туулган күнү

25 Окт 2016 , 10:46 877

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун көзү тирүү болгондо быйыл 106 жашка толмок. 

Ал 1910-жылы 25-октябрда, Баткен облусунун Лейлек районунда туулган. Коомдук ишмер 1945-жылы Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин төрагасы, 1950-жылдан 1961-жылга чейин Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. 

Белгилүү коомдук ишмерге ушул жылдын 11-октябрында Кыргызстандын өкмөтү тарабынан эң жогорку даражадагы “Кыргыз Республикасынын баатыры” наамы ыйгарылган.






Новости по дате