http://ktrk.kg/Кытайга визаны талап кылган айдоочулар митингге чыгышты

Кытайга визаны талап кылган айдоочулар митингге чыгышты

16 Нояб 2016 , 4:36 1094

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Кытай элчилигин алдына “Бизге виза керек!”, - деген жазуулар менен тынчтык митингине чыгышты. Айдоочулар виза берүүнү тездетүүнү талап кылып жатат. 

Эске салсак, 30-августта Кытай элчилигинин короосунда жанкечти унаасын жардырган. Андан элчилик имараты жана жакын жайгашкан үйлөр зыян тарткан болчу.

 Буга чейин виза берүүнү талап кылган айдоочуларга дипломатиялык өкүлчүлүктөн мындай кадам ремонт иштерине байланыштуу болуп жатат деп билдирген. Нааразы болгон тарап эгер ремонт иштери жүрүп жатса, анда башка имарат караштырып виза берилсе деп жатышат.

"Биз кыйналып жатабыз, насыя төккөндөр бар. банк күтпөйт да бизди. Жада калса жашоо-тиричиликке акча калбай калды" - дейт айдоочулар.

Новости по дате