http://ktrk.kg/Караколдогу базардан өрт чыгып, соода күркөлөрү жана мөмө-жемиштер күйүп кетти

Караколдогу базардан өрт чыгып, соода күркөлөрү жана мөмө-жемиштер күйүп кетти

29 Нояб 2016 , 10:27 938

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Каракол шаарындагы “Макиш” базарынан өрт чыгып, базардын бир бөлүгүндөгү соода күркөлөр жана мөмө-жемиштер күйүп кетти. 

Өрт таңкы саат төрттөрдө башталган. Шаардык өрткө каршы кызматы тилсиз жоону өчүрдү. 

Сатуучулар өздөрү саткан жемиштерди үшүк алдырбоо үчүн иштетип кеткен жылытуучу электр каражаттары өрттүн чыгышына себеп болгону айтылууда. 

Учурда кырсыктын зыяны такталып жатат.


Новости по дате