http://ktrk.kg/Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленүүдө

Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленүүдө

4 Фев 2016 , 4:16 1232

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз элинин туңгуч балеринасы, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында өткөн саамалык, концерттик программа менен коштолду. 

 Белгилей кетсек, бий өнөрүнө чыйыр жол салып, кайталангыс образдарды жараткан Бүбүсара Бейшеналиева, 1926-жылы Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында туулган. Ал катышкан “Чолпон” балет-фильми кыргыз балетининин шедеврине айланып, дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүндө коюлган. Бийчи коомдук иштерге да активдүү катышып, СССРдин Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз ССРнин Жогорку Кенешинин депутаты болгон. Кайталангыс талант 47 жашында дүйнө салган. 

Новости по дате