http://ktrk.kg/Респиратордук вирустук инфекциялары менен ооругандар көбөйдү

Респиратордук вирустук инфекциялары менен ооругандар көбөйдү

30 Нояб 2016 , 4:46 2487

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор калаада 14-ноябрдан тартып курч респиратордук вирустук инфекциялары менен ооругандардын саны кескин жогорулады. 

Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды алдын алуу борборунун берген маалыматы боюнча, жыл башынын бери баш калаада  вирустук инфекция менен 10 миң 787 адам ооруса, алардын 70% 14 жашка чейинки балдар. 

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сасык тумоо оорусунун өсүшү 15, 4 % түзгөн. 

Инфекциянын өсүшү сууктун эрте түшүшүнө байланыштуу, бирок азырынча эпидемиялык деңгээлге жете элек, андыктан сасык тумоо боюнча карантин киргизүүнүн зарылдыгы жок экендигин медиктер белгилешүүдө. 

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"


Новости по дате