http://ktrk.kg/Кыргыз телевидениесинин түптөлгөндүгүнө 58 жыл толду

Кыргыз телевидениесинин түптөлгөндүгүнө 58 жыл толду

9 Дек 2016 , 3:40 2172

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мындан 58 жыл мурда дал ушул күнү кыргыз телеберүүсү эфирге чыккан. Алгач он мүнөттүк программа менен баштаган Фрунзе телестудиясы эгемендүүлүк алгандан кийин мамлекеттик, 2010 жылдан кийин коомдук каналга айланды. Азыр алты канал беш радиону өзүнө камтыган КТРК заман агымынан артта калбай алдыга умтулууда. 

Азыр эфирге бул пленкалар колдонулбайт. Бирок анда жазылып калган видеолор баа жеткис байлык катары сакталган.
Кыргыз телеберүүсү биринчи жолу он мүнөткө жетпеген көрсөтүү менен эфирге чыккан. 1958 жылдын декабрь айында болгон бул окуя кыргыз телерадио тармагында чоң бурулуш болчу. Анткени көгүлтүр экрандын көркү дал ушул күндөн тарта өнүгүп, өрүш алып отурган.

КТРКнын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен башкы директору Илим Карыпбеков куттуктады. Аны менен мыкты кызматкерлерге грамоталар тапшырылды.

Учурда КТРКда 6канал 5 радио иштеп жатат. Алардын дээрлик баардыгы заманбап техникалык жабдуулар менен жабдылган. 

Мындан тышкары жакын арада коомдук канал өзүнүн каражатына баасы бир жарым миллион доллардын тегерегин түзгөн жаңы заманбап көчмө теле студия сатып алмакчы.


Новости по дате