http://ktrk.kg/ӨКМ: тоолуу райондордо кар көчкү күтүлөт

ӨКМ: тоолуу райондордо кар көчкү күтүлөт

4 Янв 2017 , 5:01 1033

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү күтүлөөрүн эскертет. 

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90-145-150- чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш автожолунун 1-4 ошондой эле Нарын-Казарман жолундагы Кара-Көө ашуусу жана Ийри-Суу тилкесинде, Кара-Кол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучтары бар. 

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл дешет адистер.


Новости по дате