Общество

Жолдо жүк ташуу эрежесин бузгандарга карата айып пулдар катаалдашат image

19 Фев, 2020 202

Жолдо жүк ташуу эрежелерин бузган жеке жана юридикалык жактарга айып пул чараларын катаалдаштыруу зарыл. Мындай демилге парламентте көтөрүлүп, тийиштүү мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Документ автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу, транспорттук көзөмөл жайларын автоматташтыруу жолу менен адам катышын жокко чыгаруу, транспорттук көзөмөл жайларындагы коррупцияны жоюуга багытталган. Автомобиль жолдору, көчөлөр же темир жол өтмөктөрү менен өткөрүү эрежелерин бузган жүк ташуучу автомобиль ээлери үчүн 17000 сом, юридикалык жактарга 55 000 сом айып пул салуу сунушталууда. 

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз