Общество

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата “Каармандык телекөпүрөсү” уюштурулду image Фото: KTRK/videograp

21 Фев, 2020 485

Борбордо Ленинград шаарынын курчоодон бошотулушунун 76 жылдыгына жана Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата “Каармандык телекөпүрөсү” аталышындагы эл аралык иш-чара өттү. 

Ага Кыргызстан, Испания, Россия, Италия, Франция жана Португалия өлкөлөрүнүн ардагерлери, активисттери катышты. Анын катышуучулары согуш убагында өздөрүнүн башынан өткөргөн окуяларды баяндап беришти. Уюштуруучулардын айтымында, бул телекөпүрө - кийинки муунга эрдиктин үлгүсүн көрсөткөн эстафета болуп калмакчы.

“Биз мындан 75 жыл мурда болгон окуяны келечектеги муун жана алардын балдары билишин каалайбыз. Башкысы - биз тарыхтын чындыгын, ошондой эле чоң аталардын жасаган эрдиктерин унутпашыбыз керек. Бул биз үчүн абдан маанилүү”,- деди катышуучу Ирина Тарасова. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз