Мир

Россия авиакаттамдарга чектөө киргизди image

16 Март, 2020 543

Өзбекстан миңден ашуун мамлекеттик компаниясын сатмай болду.

Россия бүгүнтөн авиакаттамдарга чектөө киргизди.

Убакыттын өтүшү менен коронавирус адам өмүрүн албай каларын окумуштуулар айтты.


Россия бүгүн, 16-марттан тарта Европа биримдигиндеги өлкөлөрдөн жүргүнчүлөрдүн киришин убактылуу чектейт. Бул коронавируска байланыштуу экенин өлкөнүн ыкчам штабы билдиргенин «РИА Новости» басылмасы жазды.Ыкчам штабдын бул чечими өлкөнүн аймагына жаңы дарттын жайылышын алдын алуу, жарандардын коопсуздугун сактоо максаты менен байланыштуу. Ал эми Москва шаарынан Европа өлкөлөрүнүн борборлоруна жана Москвага богон регулярдуу каттамдар, ошондой эле россиялыктарды мекенине жеткирүүчү чартердик каттамдар каттай берет.


Ирандын Ислам республикасынын сакчылар корпусунун генералы Насир Шаабани коронавирустан каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.Маалыматка ылайык, Шаабани Йеменде ирандык аскер кампаниясын жетектеп, 37 жылдан жогору иштеген. Каза болор алдында ал отставкада болгон же болбогону тактала элек. "Шаабани КСИРдеги эң тажрыйбалуу командирлердин бири болчу", - деп эскерет Tasnim агенттиги.Эске салсак, Иран коронавирус жуктурган өлкөлөрдүн арасында 3-орунга чыккан. Ошондой эле Ирандагы көп чиновниктер коронавируска кабылып, Ирандын Ватикандагы мурунку элчиси Хади  Хосрошахи каза болгону жазылган.
 

Убакыттын өтүшү менен коронавирус адам өмүрүн албай калат. Бул тууралуу БУУнун алдындагы Эмдөөлөрдүн эл аралык институтунун илим жаатындагы жетекчисинин орун басары Михаил Фаворов билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Маалымат ылайык, вирус жаныбардан адамга өтүп тарагандан кийин кишинин организмине адаптация боло баштайт. "Кайсы бир мезгилде вирус бешинчи, алтынчы, миллионунчу адамга жеткенде ал жаныбарлардын эмес, бизге, адамга, тиешелүү вирус болуп калат дагы, ээсин өлтүрбөй калат. Негизи дээрлик ар бир адамда коронавирустун 40тан ашык түрү жашайт, анын айынан кээде мурун бүтүп калат", — деди Фаворов. Ал ошондой эле жапайы жаныбарларды кармоо, аларды базарларда сатуу токтобосо эпидемия жайыла берерин кошумчалады.Эске салсак, 11-марттын түнүндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясын жарыялаган. Бүгүн Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жок экенин айтты. Ал эми Казакстанда вируска кабылган эки адам аныкталды.


Өзбекстан өкмөтү 2020-2025-жылдары 1 115 мамлекеттик ишкананы менчиктештирүүгө жол ачууну пландап жатат. Бул туурасында Өзбекстандын басылмалары жазды. Маалыматка караганда, сунушталган тизменин ичинен "Узбекнефтегаз", "Узтрансгаз" жана Uzbekistan Airways сыяктуу 554 ишканада мамлекеттин үлүшү сакталып калат. Алар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби менен иш алып барат.Ошол эле учурда мамлекетте транспорт, коммуналдык чарба, жол куруу тармагындагы ишканаларды көзөмөлдөө укугуна ээ болот.Бул боюнча аталган программа өкмөттүн кароосуна апрелде киргизилип, июнь айында мамлекеттик активдерди ишке ашыруунун графиги бекитилиши ыктымал. Анда тендер, конкурстарды өткөрүү менен приватташтыруунун жол-жобосу аныкталат.

Урмат Жээнбеков, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз