Коронавирус

Ысык-Көл облусунун тургундары эми айылдан айылга каттай албайт image

24 Март, 2020 1863

Бул тууралуу облустук штабдын 24-марттагы жыйынында өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев айтты. "Жергиликтүү бийликтин суранычына карабай, айрым тургундар башка айылдарга баруусун, райондон районго каттоосун токтотпой жатат. Эми бүгүнкү күндөн тарта чектөө киргизилет. Бул чаралар элдин саламаттыгына кам көрүү болуп эсептелет", - деди өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү. Ошондой эле ар бир айылдын чыга беришинде посттор уюштурулуп, жергиликтүү бийлик, милиция жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кырдаалды көзөмөлдөп турат.

Айылдарга, районго кирүү же чыгуу жергиликтүү бийликтин уруксаты менен гана жүргүзүлөт. Жалпысынан 15 жерге блок-посттор коюлду.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз