Соотечественники

Россияда Кыргызстан жарандарын миграциялык каттоо 15-сентябрга чейин токтотулду image Фото: KTRK/videograp

18 Июнь, 2020 863

15-сентябрга чейин Кыргызстандын жарандарына карата Россиядагы миграциялык каттоо токтотулгандыгын Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди. 

Тиешелүү жарлыкка 15-июнда Россиянын президенти Владимир Путин кол койгон. Анын негизинде 2020-жылдын 15-сентябрына чейин визалар, убактылуу жашоого уруксат, Россиянын аймагында жашап турууга уруксат, колдонуу мөөнөтү жөнүндө белгилери бар миграциялык карта,качкындардын күбөлүктөрү, Россияда качкын макамын алуу жөнүндө арызды карап чыккандыгы тууралуу күбөлүк, Россиядагы убактылуу башпаанек жөнүндөгү күбөлүк, мамлекеттик программанын катышуучусунун сертификаттардын мөөнөтү узартылат.

"Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн документтердин биринин 2020-жылдын 15-мартынан 15-сентябрына чейинки убакыттын аралыгында жарактуу мөөнөтү бүтсө, документ автоматтык түрдө 15-сентябрга чейин узартылат. Жогоруда көрсөтүлгөн документтердин мөөнөтүн узартуу үчүн Россиянын Ички иштер министрлигинин тиешелүү органдарына кайрылуунун кереги жок", — деп айтылат маалыматта.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз