Новости Кыргызстана

Бишкекте айрым соода борборлор ишин токтотту image Фото: www

8 Июль, 2020 705

Бишкектеги "Дордой Плаза" соода борбору өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу 19-июлга чейин убактылуу ишин токтотту. Бирок соода борбордогу "Фрунзе" гипермаркети, дарыкана жана "Демир банктын" бөлүмү иштеп жатат.

Ошондой эле борбордогу "Asia Mall", "Технопарк" соода борборлору, "РИОМ" автоунаа базары да коронавируска байланышкан эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин карантинге жабыла турганын билдиришти. Бул түйүндөр азырынча качан кайра ишин жандантаары белгисиз. Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жайылып, абал курчуду. Вируска жана пневмонияга чалдыгып, каза болгондордун саны кескин көбөйдү.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз