Новости Кыргызстана

Жалал-Абадда күндүзгү стационар үчүн 1 246 койко-орундук даярдалды image Фото: www

8 Июль, 2020 421

Жалал-Абад облусунда бүгүнкү күндө күндүзгү стационар үчүн 1 246 койко-орундук даярдалды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, азыркы учурда Жалал-Абад облусу боюнча жалпы койко-орундуктардын саны - 399, мындан сырткары, ооруканада кошумча - 854 орундук даярдалган.

Ошондой эле күндүзгү стационарларда бейтаптарды кабыл алуу үчүн 1246 орундук даярдалды. Облус боюнча 372 кычкылтек концентратору бар. Жакын арада кычкылтек концентраторлору демөөрчүлөр тарабынан дагы алынаары күтүлүүдө.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз