Коронавирус

Кыргызстанда акыркы суткада 12 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди image

25 Сент, 2021 1859

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 инфекциясына каршы 12 миң 82 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 691 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 391 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 798 миң 869 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 594 миң 261 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз