Новости Кыргызстана

Ош шаарында күзгү массалык чуркоо болуп өттү image

25 Сент, 2021 1354

Ош шаарынын борбордук аянтында күзгү массалык чуркоо болуп өттү. Ага шаардык мэриянын, мекеме ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери, күч органдарынын өкүлдөрү, шаар тургундары, студенттер, мектеп окуучулары, спорт сүйүүчүлөр катышты. 

Иш-чараны ачкан вице-мэр Венера Рыскулова, жалпы катышуучуларды спортко, сергек жашоого чакырды. Катышуучулар жаш курагына карап бөлүнүп, 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкка чуркашты. 

Жеңүүчүлөргө жана активдүү катышкандарга Ош шаарынын мэриясынын, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин атынан баалуу белектер, дипломдор тапшырылды. 

Массалык чуркоо 5-октябрь шаар күнүнө карата уюштурулуп, ага 12 жаштан 80 жашка чейин 4 миңге жакын адам катышты.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз