Кыргызстан жаңылыктары / "Ала-Тоо" маалымат программасы / 13.07.2020 / 21:00

1406

1. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы дары дармектин баасын атайлап көтөргөн ортомчуларды кармады. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

2. Президенти Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар талкууланды.

3. Ысык-Көлдө өрүк бышып, Россиянын бир нече шаарларына экспорттолуп баштады. Быйыл облуста өрүктүн килограммы кырк, кырк беш сомдон дүңүнөн сатылууда.