Кыргызстан жаңылыктары / "Ала-Тоо" маалымат программасы / 13.08.2020 (21:00)

1221

1. Эпидемиологиялык абал турукташа баштагандыктан Бишкек шаарында ачылган убактылуу стационарлар четинен жабылууда. Бүгүнкү күндө тумоого чалдыккан 41 миң адамдын 33 миңден ашыгы айыгып чыкты.

2. Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында медициналык объектилердин ишмердиги менен таанышты. Мамлекет башчы ошондой эле облустун өнөржай ишканаларынын ишмердүүлүгүнөн дан кабар алды.

3. Беш жылдын ичинде 16 миңден ашык адам турак жай менен камсыз болду. Бүгүнкү күндө ипотекалык компания тарабынан 5 жарым млрд сомго 4,7 миңден ашуун ипотекалык насыялар берилген. МИКнын жасап жаткан иштери менен алдыдагы пландары тууралуу алдыда...

4. Унаа токтоочу жайлар иреттелет. Бишкекте 1-сентябрдан баштап электрондук паркинг ишке кирет.