http://ktrk.kg/Социалдык тармактарда улут аралык кастыкка үндөгөндөр жазага тартылышат

Социалдык тармактарда улут аралык кастыкка үндөгөндөр жазага тартылышат

15 Июнь 2017 , 3:05 2339

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мындан ары улуттар аралык кастыкты козутууга жол берилбейт. Эми зарылчылык болсо атайын кызмат социалдык тармактарды да тыкыр көзөмөлдөп, зордук-зомбулукка үндөп ашынган интернет колдонуучуларды жазага тартат. 7 жыл мурдагы каргаша бул маселеге олуттуу көңүл буруу зарылчылыгын көрсөткөн. 

Өлкөдө сөз эркиндиги канчалык чексиз болгон күндө да, элди бөлүп-жарган билдирүүлөргө баа берилбей койбойт. 7 жыл мурда каргашалуу окуяга кабылган Кыргызстан эми улут аралык мамилеге олуттуу маани берет. Мына ушундан улам интернет айдыңындагы билдирүүлөр эмне үчүн электен өткөрүлүп жатканына жооп табылгандай.


Журналист Улукбек Бабакуловдун макаласы коомчулуктун назарын бурбай коюшу мүмкүн эмес эле. Ал башка учурда эмес, июнь коогалаңынын жети жылдыгын утурлап жарык көрүп отурат. Бабакуловдун аракетин сынга алган адамдардын катарында президент Алмазбек Атамбаев да болду.
Өлкө башчынын бул билдирүүсү талкууга түшкөн. Оппозиция өкүлдөрү менен айрым маалымат каражаттары президент мындай билдирүү жасабашы керек эле деген ойлорун да айтып чыгышты. Бирок, өлкө жетекчисинин эмоциясы мамлекеттин бүтүндүгү тууралуу сөз болуп жаткан учурда жаралганына маани беришкен эмес. 

Чагымчылардын айынан болгон каргашаны айрым укук коргоочулар улутчулдук катары гана баалайт.
Мамлекет башчынын күйүп-бышып айткан сөзү ачуу чындык. Туруктуу жолго түшкөн Кыргызстанды чайпалткысы келген күчтөр дагы деле бар деген пикирди кармангандар арбын. Саясатчылар менен журналисттерге багытталган сын шайлоо алдындагы эскертүү.

Макаласы менен сынга кабылган журналист Бабакулов Кыргызстандан чыгып кеткени кабарланган. Ага УКМК тарабынан чагымчылдык кылды деген жүйөө менен кылмыш иши козголгон. Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев жазмакерлердин жагымсыз аракетине көп учурда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү шыкак берерин айтат.


Новости по дате