http://ktrk.kg/Россия Кыргызстанга  2 аскердик учакты өткөрүп берди

Россия Кыргызстанга 2 аскердик учакты өткөрүп берди

10 Авг 2017 , 15:01 26789

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Россия Кыргызстанга АН-26 үлгүсүндөгү 2 аскердик учакты өткөрүп берди. Аскердик-транспорттук учактар машыгууларды, атайын операцияларды аткарууда, өздүк курамды ташууга жана атайын багыттагы бөлүкчөлөрдү десанттык түшүрүүлөргө, абадан коргонуу жана бомба таштоого байланышкан тапшырмаларды аткарууда аскерлерге мүмкүнчүлүк түзөрүн КРдин Куралдуу күчтөрү билдирди. 

Салтанаттуу тапшыруу аземине Россиянын Коргоо министринин орун басары, генерал-майор Александр Фомин жана Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын башчысы, генерал-майор Раимберди Дүйшөмбиев баштаган аскердик топ катышты. 

Ошондой эле, авиациялык техникалык-эксплуатациялык бөлүк да пайдаланууга берилди. Кыргызстан менен Россиянын аскердик кызматташтыгы келечектүү жана бул кадам эки тараптын мамилесинин жогорку деңгээлге чыгышына себеп болду.


Новости по дате