http://ktrk.kg/Кыргызстанда чет элдик мигранттардын көбүн кытай жарандары түзөт

Кыргызстанда чет элдик мигранттардын көбүн кытай жарандары түзөт

17 Сент 2018 , 3:47 776

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда чет элдик мигранттардын 79 пайызын кытай жарандары түзөт. Бул тууралуу мамлекеттик миграция кызматы билдирди. Ага ылайык, өлкөдө 8 миң 679 Кытайдын жараны катталган. Түркиянын 650 жараны, Кореядан 224, Пакистандан 171, Вьетнам, Өзбекстан жана АКШдан жалпы 450дөй жаран катталган. 

Кыргызстанда иштөө үчүн дүйнөнүн 88 өлкөсүнө уруксат берилген. Көпчүлүк чет элдиктер өнөр жай жана курулуш тармагында эмгектенишет.


Новости по дате