http://ktrk.kg/Өлкө башчы кыргыз элине кайрылуу жасады

Өлкө башчы кыргыз элине кайрылуу жасады

7 Апр 2016 , 6:49 1005

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылдын 7-апрелиндеги Апрель элдик революциясынын 6 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады.

 “Урматтуу мекендештер!
Бүгүнтөн баштап өлкөбүздүн расмий майрамдарынын катарына дагы бир майрам - 7-апрель - Апрель элдик революция күнү кошулду.
Албетте, эмнеге 7-апрель, эмне үчүн 17-март же 24-март эмес деген суроолор бар. Кантип ушунча жараныбыз шейит болгон, кайгы менен муңга толгон күн майрам болот дегендер да бар. Бул суроолорго дароо жооп бербесек болбойт, анткени бул ыйык күндөрдү да сасык саясий оюнга айлантам дегендер аз эмес.
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Биринчиден, 2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттик үчүн күрөш жолунун үч ашуусу экенин унутпасак. Бир жолдун үч ашуусу, бир күрөштүн, бир кармаштын үч эң маанилүү күндөрү экенин унутпасак.
Экинчиден, эзелтен эле дүнүйөдө кандай гана эл болбосун күрөштүн, кармаштын, согуштун башталышын же ортосундагы жеңиштерин майрамдабайт, соңку жеңиш күнүн майрамдайт.
Үчүнчүдөн, кандай элди, кандай өлкөнү албайлы, алар азыркы мезгилде майрамдаган тарыхый күнү убагында канчалык кайгылуу, муңдуу күн болсо да, азыр ал күндөр ошол эл үчүн, ошол өлкөлөр үчүн эң шаңдуу, эң салтанаттуу майрам болуп эсептелинет. Мисалы, Францияда Бастилия чебинин алыныш күнү, бир катар мурдагы совет өлкөлөрүндө 9-май Жеңиш күнү жана башка ушуга окшогон күндөр дээрлик ар бир мамлекетте бар.
Албетте, мындай майрам күндөр кыйла мезгил өткөнгө чейин кайгы аралаш, көз жаш аралаш болот. Бирок бара-бара эң сүйкүмдүү, шаңдуу майрамга айланат.
Мен ишенем, бара-бара 7-апрель майрамы да кыргыз эли үчүн ошондой салтанаттуу, ыйык майрамдардын бири болот."

Новости по дате