http://ktrk.kg/Сатар Турсункул уулу уюлдук телефонго атайын тиркеме ойлоп чыгарды

Сатар Турсункул уулу уюлдук телефонго атайын тиркеме ойлоп чыгарды

18 Апр 2016 , 4:02 1469

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөчө ойлоп табуулары бар, идеяларга бай адамдардан Кыргызстандын уучу куру эмес. Эгер коомго пайдалуу ачылыш болсо, ал эл арасына кеңири тарап, авторго да ийгилик алып келет. Маалымат технологиялары боюнча адис Сатар Турсункул уулу уюлдук телефонго атайын тиркеме даярдоо үчүн 6 ай убакыт жумшаган. “Чарба” аталышындагы эмгеги соодагер менен кардардын ортосунда көпүрө болоорун белгилейт. Айрыкча интернетти көп колдонбогон айыл тургундарына жардамы тийсин деген ниетте дал ушул программаны ишке ашырган.

Аталган программа кеңири колдонула баштаса соода-сатыктагы маалымат монополиясы жоюлат деген ишенимде. Элет тургундары үчүн өзгөчө мааниге ээ берекелүү күздө дыйкандар түшүмүн жогору баада сатышы керек. Мындай шартта тиркеме аркылуу сатып алуучуну оңой издеп табууга болот. Автор программага дагы кошумча функцияларды киргизип, мүмкүнчүлүктөрүн арттырууну көздөп жатат.  

Бул биз сөз кылып жаткан кыргыз жаранынын маалымат технологиясына байланыштуу ойлоп табуусу гана. Мындан сырткары Сатар мырза англис, кытай тилдерин өздөштүргөн. Ал Кытайда 5 жылга жакын убакыт иштеп, тажрыйба топтогон.

Каарманыбыздын кесиби соодагерлер менен кардарлардын ортосундагы байланышты түзүүгө жакын болгондуктан, экономиканын сырларын үйрөнүүгө жетишкен. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү андан экономика, бизнеске байланыштуу маселелер боюнча пикирин сурап кайрылып турушат.  Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун алдында эксперттерден турган топтун курамында да активдүү иш алып барган.

Буга чейин биз сөз кылган “Чарба” тиркемесин уюлдук телефондон көрүп, ага 500дөн ашуун адам катталганын билдик. Кол өнөрчүлөрдүн, усталардын эмгектеринин сүрөттөрү жайгаштырылган экен. Сатар мырза сунуштаган программаны смартфонго көчүрүп, анын кызматын эч кандай акы төлөбөстөн колдонууга болот.

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”

Новости по дате