http://ktrk.kg/УКМК Бакиевди мактап көрсөткөн телеканалдарга эскертүү берди

УКМК Бакиевди мактап көрсөткөн телеканалдарга эскертүү берди

31 Июль 2019 , 13:54 589

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ар кандай маалымат булактарында качкын президент Курманбек Бакиевди жана анын жакын туугандарын колдогон маалыматтар жана телевизиондук материалдар тууралуу УКМК билдирүү таратты.

"Мындай маалыматтардын жана телевизиондук материалдардын авторлору өздөрүнүн жасаган иш-аракеттери жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билишпейт. Буга байланыштуу, УКМК маалыматтардын жана телевизиондук материалдардын авторлоруна коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол бербестигин эскертет"- деп жазылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, КР Башкы прокуратурасы тарабынан мурун козголгон кылмыш-иштери боюнча К.Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, жана ошондой эле 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгон. Азыркы убакта айыпталуучулар издөөдө.

Новости по дате