http://ktrk.kg/Сооронбай Жээнбеков телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин куттуктады

Сооронбай Жээнбеков телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин куттуктады

9 Дек 2019 , 11:27 415

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

«Урматтуу телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

1958-жылдын 8-декабрында Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн алгачкы берүүсү обого чыккан. Ошол күндөн тартып телекөрсөтүү жана радио күндөлүк жашообуздан бекем орун алды.

Сиздер өлкөнү өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатасыздар. Телерадио кызматкерлеринин кесипкөйлүгү, талыкпаган эмгеги жана чыгармачылык изденүүлөрү мындан ары дагы жаратмандык иштерге, сүйүктүү Кыргызстаныбыздын жаркын келечегин курууга багытталат деп ишенем. Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубат турмуш жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!»,- деп айтылат президенттин куттуктоо сөзүндө. 


Новости по дате