http://ktrk.kg/Президентке сот жана укук коргоо органдарына байланыштуу кайрылгандар көп

Президентке сот жана укук коргоо органдарына байланыштуу кайрылгандар көп

17 Янв , 13:22 274

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өткөн жылы президент Сооронбай Жээнбековго 15 миң 305 киши кайрылган. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, президенттик аппаратка 11 миң 349 адам жазуу түрүндө кайрылса, коомдук кабылдамалар 1 миң 931 кишини кабыл алган. Ал эми "ишеним телефондоруна" жана кызматтык телефон аркылуу кайрылгандардын саны 1 миң 181ди түздү. 

Мындан тышкары, 620 адам маалыматтык-укуктук кеңеш жана кеңеш алып кеткен. "Кат менен кайрылгандардын көбү Бишкектен болду. Андан кийин Чүй облусу, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош облусу, Ош шаары, Нарын, Баткен, Талас облусу турат. КМШ жана башка өлкөлөрдөн 290 кайрылуу келип түшкөн", — деп айтылат маалыматта. Кайрылуулардын көпчүлүгү сот жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу экени белгилүү болду.

Новости по дате