http://ktrk.kg/Коронавирус: Кыргызстандагы абал көзөмөлдө

Коронавирус: Кыргызстандагы абал көзөмөлдө

24 Янв , 16:19 1846

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайда чыккан коронавирус боюнча өзгөчө кырдаал киргизүүгө негиз жок деген бүтүм чыгарган. Ошентсе да, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги алдын-алуу чараларын күчөттү. Кытай менен мамлекеттик чек ара кесилиштеринде, “Манас” аэропортунда санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Кытай мамлекетинен өлкө аймагына келген адамдардын дене табын аныктоочу жабдыктар орнотулду. 

Медициналык кызматкерлер жана министрликтин тийиштүү адистеринин даярдыгын жогорулатуу үчүн оперативдүү окуулар уюштурулуп, курч вирустук ооруларды убагында аныктоо, дарылоо, алдын-алуу боюнча 350 кызматкер окутулду. Ошондой эле, белгисиз жугуштуу оору катталган учурда очогунда иштөө үчүн жеке коопсуздукту сактоого ылайыкталган 1 миң 468 комплект атайын кийим сатып алынып, тиешелүү кызматтарга таратылып берилди. Кытайдын саламаттыкты сактоо комитетинин берген маалыматында 570 кишиден коронавирус табылган, 250 адамда ооруга чалдыккан деген шек бар. 6 миңге жакын адам илдетке чалдыккандар менен карым-катнашта болгондугуна байланыштуу карантинге алынган.


Новости по дате