http://ktrk.kg/Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны өсүүдө

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны өсүүдө

24 Янв , 16:27 600

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кытайда коронавирусту жугузгандардын саны миңге чукулдады. Каза болгондор 25тен ашкандыгы айтылууда. Мындан улам оорунун очогу болгон Хубэй провинциясына жана анын тогуз шаарына кирип-чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Кытай бийлиги билдирүүдө. Ал эми британ эксперттери бул көрсөткүч бир топ жогору экендигин айтууда. Ал арада, Кытайда эмдөө учурунда илдет жугузуп алган 15 медициналык кызматкер катталды. Орусия менен чектешкен Суйхуа шаарында да илдетке чалдыккандар бар. 

Маалыматка ылайык, вирусту жугузуп алгандар АКШ, Япония, Түштүк Корея, Сингапур, Гонконг, Австралия жана Таиландда да катталган. Ал ортодо, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайда чыккан коронавирус боюнча өзгөчө кырдаал киргизүүгө негиз жок деген бүтүм чыгарган.

Новости по дате