http://ktrk.kg/Кыргыз-казак чек арасында кырдаал туруктуу

Кыргыз-казак чек арасында кырдаал туруктуу

8 Фев , 20:40 370

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу. 7-февралдан 8-февралга караган түн тынч өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү билдирди.

 Маалыматка ылайык, "Кең-Булун авто жол" жана "Токмок-авто жол" өткөрүү жайларында Казакстандан Кыргызстанды көздөй адамдардын тыгыны көбөйгөндүгү байкалган. Алардын көпчүлүгү аялдар жана балдар. Ошол эле убакта ар кандай окуялар жана чыр-чатактар катталган эмес. “Чүй облусунун кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын тарамдары жана өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантып жатышат», - деп айтылат билдирүүдө. 

Эскерте кетсек, 7-февралдын кечинде Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сарытөбе айылдарында жергиликтүү тургундар арасындачыр чыгып, массалык мушташ орун алгандыгын Казакстандын Ички иштер министрлиги кабарлады. Алар жагдайды тартипке салып, кырдаал көзөмөлгө алынганын билдиришти. Кыргызстандын Чүй облусу менен чектешкен Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунда жаралган абалга байланыштуу Кыргызстандын өткөрүү бекеттери жана чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

Новости по дате