http://ktrk.kg/Сооронбай Жээбеков: Санариптештирүү өлкөдөгү - артыкчылыктуу тармак

Сооронбай Жээбеков: Санариптештирүү өлкөдөгү - артыкчылыктуу тармак

20 Фев , 15:14 350

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мамлекет башчы Сооронбай Жээбеков парламенттин жыйынында сөз сүйлөп жатып санариптештирүү - анын көзөмөлүндөгү эң приоритеттүү тармак экенин айтты. 

Өлкө башчысы маалымдагандай, санариптештирүү саясатынын жыйынтыгы катары, учурда жарандарга 191 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сервис электрондук форматта жеткиликтүү болду. Калктын аяр катмарына мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө бардык багыттар боюнча санариптештирүү иши уланууда. 

Натыйжада, жөлөк пулдарды төлөөдө ашыкча бюрократия жокко чыгарылып, социалдык жардамды төлөөгө дарексиз жолдонуп жаткан бюджеттик каражаттар үнөмдөлүүдө. Санарип - саламаттык сактоо тарамагына да кирүүдө. Бул маселе жакында Коопсуздук кеңешинде каралат. Ал кошумчалагандай, укук коргоо органдары бардык региондордо „Бирдиктүү терезе“ борборлору аркылуу элге кызмат көрсөтүп жатат.

Новости по дате