http://ktrk.kg/Нарын дарыясына таштандылар ташталууда

Нарын дарыясына таштандылар ташталууда

20 Фев , 18:39 123

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарын аралап өтүүчү Нарын дарыясына таштандылар ташталууда. Бул тууралуу Таш-Көмүр шаарынын тургуну "Элдик репортерго" билдирди. Бул Нарын дарыясынан Таш-Көмүр шаарынын жашоочулары суу алып ичишет. Таштандылардын ичинде желим баштыгы, бөтөлкөсү, ымыркайларга кургактоо үчүн пайдаланылган бир жолку жалаяктары жатат. Таш-Көмүр шаарынын жетекчилиги эмне үчүн мындай нерсеге чара көрбөйт. Таштанды таштагандарга салык салып, өздөрүнө тазалатыш керек,- деген автор Нарын дарыясы булганып жатканын айтып кейиди.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате