http://ktrk.kg/УКМК: теракт болот деп билдирүү тараткан жаран кармалды

УКМК: теракт болот деп билдирүү тараткан жаран кармалды

24 Фев , 17:20 625

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эркинен ажыратылган адам Бишкектин соода борборлорунда теракт болот деп билдирүү тараткан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 23-февралда болжол менен саат 13:14тө Чүй облустук УКМК башкармалыгынын нөөмөт кызматына өзүн «Саид» деп тааныштырган адам саат төрттө Бишкек шаарындагы соода борборлорунда «теракт» болот деген маалымат берген. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин "Террордук акт жасайм деп коркутуу" беренесинин 1-бөлүмү боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө телефон чалган адам Бишкектин 30 жаштагы жараны экендиги аныкталган. Ал 2017-жылы Ысык-Ата райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "пара талап кылуу", "терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо" беренелери боюнча 11 жылга соттолгон. 2018-жылдын 16-ноябрынан тартып №1 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат», - деп айтылат маалыматта. Шектүү айып изоляторунда отурганда аталган телефон чалууну кылгандыгын мойнуна алган. Учурда тергөө жүрүп жатат. УКМК эскерткендей, террористтик акт жасоо менен коркутуу кылмыш болуп эсептелинет. Террористтик акт жасоо коркунучун келтирген тарап 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

"УКМК эскерткендей, террористтик акт жасоо менен коркутуу кылмыш болуп эсептелинет. Террористтик акт жасоо коркунучун келтирген тарап 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат",- деди УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов. 

Новости по дате