http://ktrk.kg/Түштүк Кореяда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны өсүүдө

Түштүк Кореяда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны өсүүдө

25 Фев , 11:27 138

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Түштүк Кореяда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 893 адамга жетти. Маалыматтарга ылайык аталган өлкөдө бир сутка ичинде жаңы 60 учур катталып, бир адам каза тапты. 

Ал эми бул убакытка чейин Түштүк Кореяда жалпысынан илдеттен 8 адам көз жумганы айтылат. 20дан ашык адам сакайып чыккан. Бийлик өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйүп кетүүсүн, Синчонжи диний уюмдун мүчөлөрүнө байланыштырат. Себеби аталган уюмдун 61 жаштагы мүчөсү февралдын башында миңден ашык адам катышкан сыйынуу жөрөлгөсүндө башка адамдарга жуктурганы аныкталды. Вирусту алып жүргөн ал адамда илдеттин белгилери 18-февралда гана байкалган. 

Учурда Түштүк Кореянын Тэгу шаарында Синчонжи диний уюму ишмердигин убактылуу токтотту. Тагыраагы адам көп чогулган сыйынуу жайлары ишин токтоткон. Ошондой эле Samsung Electronics компаниясы Түштүк Кореядагы смартфон чыгарган заводунда иштеген кыздан коронавирус аныкталгандыктан завод убактылуу жабылды.

Түштүк Кореядагыдай эле көрүнүш Италия өлкөсүндө да байкалып жатат. Дүйнөдөгү эң кымбат Феррари унаасы менен таанымал бул мамлекетте учурда коронавирусту 150дөн ашык киши жуктуруп алган жана алардын жетөө каза болгону айтылууда. Италия бийлиги илдетти алдын алуу максатында Венецияда эл көп чогула турган жыйындарга тыюу салган чечим чыгарды. Бирок вирустан каза болгондордун саны жагынан Кытайдан кийин эле Иран өлкөсү турат. Бул мамлекетте өлгөндөрдүн саны 12ге жеткен. Ал арада Афганистан, Кувейт жана Бахрейн өлкөлөрүндө да коронавирусту жуктуруп алган учурлар айтыла баштады.


Новости по дате