http://ktrk.kg/Улуу Жеңиш күнүнө карата "Өлбөс полкко" даярдык башталды

Улуу Жеңиш күнүнө карата "Өлбөс полкко" даярдык башталды

25 Фев , 12:13 431

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте Улуу Жеңиш күнүнө карата "Өлбөс полк" акциясы өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинен билдиришти. Маалыматта айтылгандай, акцияны өткөрүү боюнча жумушчу комиссиясынын мүчөлөрү жыйынга чогулуп, аны уюштуруу маселелерин, иш-чаранын программасын талкуулашты. 

Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана акцияны өткөрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилген. 9-май күнү өтө турган "Өлбөс полк" акциясынын алкагында анын катышуучулары жүрө турган маршрут белгиленген. Жүрүш Апсамат Масалиев менен Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен саат ондо башталат. Катышуучулар Абдрахманов менен Фрунзе көчөлөрүн карай жол тартат. 

Андан кийин Фрунзе көчөсү менен Жеңиш аянтына, өчпөс отко бет алышат. Жүрүштүн катышуучулары Жеңиш аянтына саат 12:00дө келишет. Ал жерде митинг-реквием болот. Жүрүштүн аралыгы 6 жарым чакырымды түзөт. "Өлбөс полк" жыл сайын 9-май – Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн эл аралык акция.

Новости по дате