http://ktrk.kg/Саламаттык сактоо министрлиги 2019-жыл жыйынтыгы боюнча маалымат берди

Саламаттык сактоо министрлиги 2019-жыл жыйынтыгы боюнча маалымат берди

25 Фев , 22:48 474

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Былтыр өлкө боюнча 80 медициналык мекеме курулган. “Дени сак адам - өнүккөн өлкө” аттуу 12 жылдык программа ишке кирди. Ошондой эле электрондук ден соолук паспортуна жана электрондук медициналык картага стандарттуу талаптар иштелип чыгып, бекитилди. Ушул жана башка жетишкендиктерге саламаттык сактоо министрлиги 2019-жылы жетишкен. 

Республикадагы медициналык мекемелердин 63 %ы интернет менен камсыз кылынды. «Тез жардам» кызматы заманбап технологиянын жардамы менен иштеп, дарыгерге көрүнүү үчүн электрондук кезекке жазылса болот. Дартты аныктоочу жабдыктардын жаңырышы менен, жарандардын убактысын жана чыгымдарын бир топ үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Мунун баары саламаттык сактоо тармагындагы жетишкендиктердин тизмеси.

2019-жылы дары-дармектердин бааларын жөнгө салуунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө өкмөттүн токтому чыкты. Ал эми атайын текшерүү жүргүзүлүп, Бишкек шаарындагы "Ош" жана "Берекет" базарларындагы мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер жок кылынды. 

 2020-жылы шаардын кабылдама бөлүмдөрүн жана үчүнчү деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдарында ыкчам медициналык жардам көрсөтүү иштерин уюштуруу улантылат. Келерки жылы мындай жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн 4 имарат колдонууга берилет.

Новости по дате