http://ktrk.kg/ТИМ: убактылуу Кытай, Япония, Корея жана Италияга барбай турууну сунуштайт

ТИМ: убактылуу Кытай, Япония, Корея жана Италияга барбай турууну сунуштайт

26 Фев , 17:41 122

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын жарандарына коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин Кытай, Япония, Корея жана Италияга барбай туруу сунушталууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты. 

Ошондой эле, Кыргызстандын Кытай, Корея, Иран, Япония жана Швейцариядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү Кыргызстандын жарандарынан жеринде кеңеш жана башка жардам боюнча кайрылууларды күнү-түнү кабыл алып жатат. Учурда бул өлкөлөрдүн аймагындагы кыргызстандык жарандардын тизмеси түзүлүүдө. 

«Кыргызстандын жогоруда аталган өлкөлөрүндөгү жарандарынын дарегин, байланыш номурларын жана башка маанилүү маалыматтарды дипломатиялык өкүлчүлүктөргө билдирүүгө чакырабыз. Аларга адамдар көп топтолгон жерлерге барбай, жергиликтүү бийликтин жана медициналык мекемелердин сунуштарын угууну сунуштайбыз», - деп айтылат ТИМдин маалыматында.


Новости по дате