http://ktrk.kg/Кыргызстан менен Эл аралык финансы корпорациясынын кызматташуу маселелери талкууланды

Кыргызстан менен Эл аралык финансы корпорациясынын кызматташуу маселелери талкууланды

27 Фев , 13:10 187

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эл аралык финансы корпорациясынын Латын Америка жана Кариб деңизи, Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча вице-президенти Джорджина Бэйкер менен жолугушту. 

Анда жеке секторду өнүктүрүү аркылуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу, тармактардагы жаңы инвестициялык долбоорлорго жардам берүү үчүн Кыргызстан менен Эл аралык финансы корпорациясынын ортосундагы мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды. Джорджина Бэйкер финансы корпорациясынын делегациясы республикага инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы финансылык инструменттерин жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо максатында келгенин айтты. 

Мухаммедкалый Абылгазиев Эл аралык финансы корпорациясына өлкөдөгү инвестициялык дараметти натыйжалуу колдонууга, чакан жана орто бизнести каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин өнүктүрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушууда өлкөнүн экономикасы үчүн мааниси чоң болгон биргелешкен долбоорлорду сапаттуу ишке ашырууну активдештирүүнүн мааниси белгиленди.

Новости по дате