http://ktrk.kg/Өзбекстанда вирусту жуктуруп алган төрт адам катталды

Өзбекстанда вирусту жуктуруп алган төрт адам катталды

16 Март , 11:23 372

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзбекстанда вирусту жуктуруп алган төрт адам катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирүү таркатты. Маалыматка ылайык, вируска чалдыккан аялдын уулу менен кызына да корнавирус жуккандыгы маалым болду. 

Мындан улам, алар жашаган көп кабаттуу үйдөгү 230дай тургун да карантинге алынды. Ошондой эле, илдетке чалдыккандардын үй-бүлө мүчөлөрү Вирус таануу илим изилдөө институтунун клиникасына жеткирилди. Ташкентте өткөн атайын жыйында Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов базарларда азык-түлүктүн баасын көтөрүү далалаттарына эч жол берилбей тургандыгын белгиледи.

Новости по дате