http://ktrk.kg/Бишкек шаарына жана өлкөнүн бир катар аймактарына  өзгөчө абал киргизилди

Бишкек шаарына жана өлкөнүн бир катар аймактарына  өзгөчө абал киргизилди

24 Март , 11:13 622

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын жайылуу тенденциясы өсүп жаткандыгына байланыштуу дүйнөдө, ошондой эле биздин өлкөдө түзүлгөн татаал кырдаалды белгиледи.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын баса белгиледи.

Президент тиешелүү Жарлыктарга кол коюлуп,  Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн билдирди.

Өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына киргизилет. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактардагы санитардык-карантиндик постторду өтүүдө азык-түлүк жана башка эл керектөөчү товарлар менен оор жүк ташуучу унаалардын логистикасына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.




Новости по дате