http://ktrk.kg/Кыргызстанда дагы эки адам коронавирус илдетине чалдыкты

Кыргызстанда дагы эки адам коронавирус илдетине чалдыкты

25 Март , 16:10 661

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда коронавирусту жуктурган 2 учур катталып, ооругандардын саны 44 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, илдетти жугузуп алгандар 1960-жылкы (Бишкек шаары) жана 1985-жылкы (Чүй облусунун Москва району) эркек кишилер.

"60 жаштагы киши Испаниядан учуп келген жарандан жуктуруп алган (байланышта болгон). Ал аны аэропорттон тосуп алган экен. Бирок ал жаран кайрадан Испанияга учуп кеткен. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна аталган жаран боюнча атайын маалымат берилди. Ал эми экинчи бейтап Дубайдан учуп келген. Учурда экөөнүн тең абалы канааттандырарлык. Тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат", - деди ал.

Новости по дате