http://ktrk.kg/Ысык-Көл: эпидемиологиялык абал туруктуу

Ысык-Көл: эпидемиологиялык абал туруктуу

26 Март , 22:58 485

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунун аймагында 15 санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл посттору иштеп жатат. Милиция жана медицина кызматкерлери кирип чыккандар боюнча тыкыр көзөмөл ишин алып барышууда.

Анда ар бир жарандын өздүгү такталып, тепловизор аппараты аркылуу дене табы текшерилүүдө. Белгилей кетсек көзөмөл посттору коюлган айылдарга, районго кирип чыгуу жергиликтүү бийликтин уруксаты менен гана жүргүзүлуп, уруксат кагазы жоктор артка кайтарылууда. 

Ысык-Көл облусунун милициясы жарандарды кабыл алууну убактылуу телефон байланыштары жана электрондук түрдө жүргүзө башташты. Бул чечим коронавирустук инфекциянын пайда болуу коркунучун алдын алууну күчөтүү жана калк арасында санитардык-эпидемиологиялык дурус абалды камсыздоо максатында бүгүнтөн тартып күчүнө кирди.Облус аймагындагы жарандардын арыздарын кабыл алуу учун 5 район,3 шаарда ишеним телефондор жана электрондук почталар иштеп жатат. 

Белгилей кетсек облус аймагында коронавируска чалдыккандар катталган жок. Ал эми оорунун алдын алуу иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө. Шаар, калкынын саны көп айылдарда, дезинфекция иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. 




Новости по дате