http://ktrk.kg/Коронавирус: жаңы учур катталды

Коронавирус: жаңы учур катталды

29 Март , 16:05 425

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкө боюнча 29-март карата коронавирус инфекциясын жуктурган 26 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын башчысы Касымбек Мамбетов билдирди.

Ушуну менен республикада коронавирус инфекциясынан улам ооругандардын саны 84кө жетти. Жаңы катталган 26 жарандын ичинен, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 2, Нарын шаарында 1, Ош шаарында 6, Жалал-Абад облусунда 13 жаңы учур аныкталды. Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус боюнча алгачкы учур 18-мартта катталган. Ал эми чет өлкөлөрдө 5 кыргызстандык жарандан коронавирус табылган.


Новости по дате