http://ktrk.kg/Кыргызстан: 10 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды

Кыргызстан: 10 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды

30 Март , 15:51 473

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

30-мартка карата Кыргызстанда дагы 10 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бейтаптардын баары Жалал-Абад облусунун тургундары экенин өкмөттүн басма сөз кызматы Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 94 адамга жетти.


Коронавирус боюнча аймактардагы жалпы көрсөткүч:

- Ош облусунда – 33 учур;

- Жалал-Абад облусунда – 49 учур;

- Бишкекте – 7 учур;

- Чүй облусунда – 3 учур;

- Баткен облусунда – 1 учур;

- Нарын облусунда – 1 учур.

Жалал-Абад облусунда коронавирустан дарыланып жаткан 3 адамдын кайталанган анализи таза чыгып, ооруканадан чыгаруу маселеси каралып жатканы маалым болду.

Новости по дате