http://ktrk.kg/Коронавирус: Кыргыз өкмөтү Кытайдын жардамына ыраазычылык билдирди

Коронавирус: Кыргыз өкмөтү Кытайдын жардамына ыраазычылык билдирди

30 Март , 16:20 265

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөт Кытай Эл Республикасынын Covid -19 коронавирусуна каршы күрөшүү боюнча кошкон салымына жана күч-аракетине жогору баа берип, оор учурда берген гуманитардык жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет. Ыраазычылык өкмөттүн сайтына жарыяланды. 

Белгилей кетсек, Covid -19 коронавирусунун жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалда Өкмөт кыргыз тарапка тест-системасы жана реагенттер, тиешелүү медициналык жабдуулар, медицина кызматкерлери үчүн коргоочу каражаттар, ошондой эле санитардык-дезинфекциялоо багытында колдонуучу каражаттар жагынан гуманитардык жардам берүү жөнүндө Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө кайрылган. Ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүү жаатында тажрыйба алмашуу үчүн медицина эксперттерин жөнөтүү өтүнүчү билдирилди.

Новости по дате