http://ktrk.kg/Коронавирус жуккан дагы 5 жаӊы учуру катталды

Коронавирус жуккан дагы 5 жаӊы учуру катталды

3 Апр , 11:48 507

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

3-апрелде саат 10:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 5 учур катталды, жалпы сутка ичинде 14 жаӊы учур аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлады. Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 130 кишиге жетти. 

Алардын ичинен 5 адам айыгып чыкты, бир киши каза болду. Каза болгон жаран чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. Анализдин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталган. Бирок анын дагы башка өөрчүп кеткен илдеттери болгон. Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн саат 13:00дөгү брифингде кошумча маалымат берет.

Новости по дате