http://ktrk.kg/Өзгөн районун кичинекей тургуну Эркебү Мансурова президенттен белек алды

Өзгөн районун кичинекей тургуну Эркебү Мансурова президенттен белек алды

1 Июнь , 14:38 473

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылынын 7 жаштагы жашоочусу Эркебү Мансурова 1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнүндө президент Сооронбай Жээнбековдун белегин алды. 

Белекти Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев тапшырды. Мындан сырткары, кичинекей Эркебүгө райондун акими, айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан да белектер, таттуулар берилди. 

"Эркебү Ана-Кызыл айылында жашайт. Апасы төрөттөн көз жумган, ал эми атасы миграцияда, кабарлашпайт, дайынсыз. Өлкө башчысынын атынан ноутбук алган Эркебү кубанычтан көзүнө жаш алып, мыкты окуп, келечекте мугалим болгусу келерин айтты. Өкүл Жылкыбаев Эркебүгө Wi-Fi роутер берип жиберерин убада кылды", - деп айтылат маалыматта.


Новости по дате