
Индиядан Кыргызстандын 6 жараны кайтып келди - Кыргызстан жаңылыктары
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
2-июнда «Манас» эл аралык аэропортунда «Air India» авиакомпаниясынын Дели - Бишкек - Дели каттамы боюнча чартердик авиарейсин тосуп алышты. Бул каттам Кыргызстандан Индиянын жарандарын чыгарып кетүү үчүн индия тарабы менен уюштурулган, - деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.
Эки тараптуу жетишилген макулдашууга ылайык, бул каттам менен Кыргызстандын 6 жараны кайтып келди. Учурда бардык келгендер бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды.